super.kg logo

Ташиев Бишкектин вице-мэри инвесторлордон жалпы канча акча талап кылганын ачыктады (видео)

 

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Бишкектин вице-мэри Таалайбек Байгазиевдин кармалышы боюнча үн катты.

Анын айтымында, шаар башчысынын орун басары өткөн жылдын күз айларында инвесторлордон 50 миң доллар алып, убадалаган ишин аткара албай калган.

"27-июнда Бишкек шаарынын башчысынын орун басарын кармадык. Эмне үчүн кармалды? Себеби Бишкек шаарына келген инвестордон өткөн жылы күз айында ишин жүргүзүп берем деп 50 миң доллар алып алган. Алган акчасынын 25 миң долларын кайтарып берип жаткан жеринен кармадык.

Дагы бир жолу мамлекеттик бийлик органдарында иштегендерге, ортомчуларга эскертип айтам. Инвесторлордон кимде-ким пара алып, ишин бүтүрүп берем деп чуркай турган болсо мыйзам чегинде жоопко тартыласыңар",- деди Ташиев.

Айта кетсек, бүгүн, 30-июнда УКМК Бишкек шаарынын вице-мэри пара катары алган акчасын кайтарып берип жатып кармалганын билдирди.






Ташиев вице-мэрдин кармалышы боюнча

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: