super.kg logo

Мамлекеттик кызматтагы жетекчилер эс албай иштеши керекпи? 

 

УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Чаткал районуна болгон иш сапарынын алкагында өлкөдөгү бардык мамлекеттик кызматтардын жетекчилерине кайрылып, эскертүү берди.

Анын айтымында, элдин жүгүн алган жооптуу адамдар эс алууну билбей иштеши керек.

“Ишемби, жекшемби деген нерсе болбош керек бизде. Айрыкча мамлекеттик органдардын жетекчилери, бирөөңөр эмгек өргүүгө чыгып, тоодо, Ысык-Көлдө же чет өлкөдө ойноп жүргөнүңөрдү көрбөйүн. Мен аны тез эле билип алам. Билинип калса, анда дароо жумуштан кетесиңер жана жоопкерчиликке тартыласыңар”,- деди Ташиев.

Мындан сырткары ал мамлекеттик кызматкерлерди президент Садыр Жапаровдон үлгү алып иштөөгө чакырды.

Ал өлкө башчынын акыркы мамлекеттик сапарларын мисал кылды.

"Президентибиз күнү-түнү тынбайт. Мына акыркы 3-4 күн учакта уктады. Түнкү саат 1:30да Малайзиядан учуп келди да, аэропорттон учактан чыкпай туруп кайра Минскке учуп кетти. Ошондуктан жергиликтүү бийлик органдары, бардык мамлекеттик аткаминерлер ушундай иштешиңер керек", - деди Ташиев.






 Сиздин оюңуз 
Чын эле мамлекеттик кызматтагы жетекчилер эс албай иштеши керекпи?  
  • Жок, алар дагы эс алууга укуктуу
    100% (2)
  • Мага баары бир
    0% (0)
  • Ооба, элдин жүгүн аркалагандан кийин иштеши керек
    0% (0)
  • Жалпы добуш: 2
    Добуш берүү үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: