super.kg logo

Ирандын соккусунан Израилде 31 миң имарат жабыркаган

 

Ирандын Израиле жасаган ракеталык жана учкучсуз учактарынын соккуларынын натыйжасында Израилде кеминде 31 миң имарат жана 4000 унаа талкаланды же олуттуу зыянга учурады. Бул тууралуу Defa Press жазып чыкты.

Маалымат порталы ирандык ракеталар жаңжал учурунда Израилге орду толгус зыян келтиргенин белгилейт.

Эске салсак, Израил 13-июнга караган түнү Иранга каршы аскердик операциясын баштаган. Бир суткага жетпей Тегеран жооп кайтарган. АКШ жаңжал күчөгөндөн тогуз күндөн кийин, тагыраагы, 22-июнга караган түнү Ирандын үч өзөктүк объектисине чабуул койгон. 23-июнь күнү кечинде Тегеран Американын Жакынкы Чыгыштагы эң ири авиабазасы Катардагы Аль-Удейдге ракеталык сокку урган.

Кийинчерээк АКШнын президенти Дональд Трамп Израил менен Иран ок атышууну толук токтотууга макул болгонун жарыялаган. Ок атышпоо келишими 24-июндан тарта күчүнө кирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: