super.kg logo

Трамп расмий түрдө АКШнын Сирияга каршы санкцияларын алып салды

 

АКШнын президенти Дональд Трамп Сирияга каршы экономикалык санкцияларын алып салган жарлыкка кол койду. Ак үй бул чечимди “стабилдүүлүк жана тынчтыкка карай кадам” деп билдиргенин чет элдик ЖМКлар кабарлады.

"АКШ туруктуу, бирдиктүү, өзү жана коңшулары менен тынчтыкта ​​болгон Сирияны колдоону чечет. Террордук уюмдарга башпаанек бербеген, диний, этникалык азчылыктардын коопсуздугун камсыз кылган бирдиктүү Сириянын гүлдөп-өнүгүүсүн колдойт",- деп айтылат буйрукта.

Орусияга качкан Сириянын мурдагы президенти Башар Асадга, анын үй-бүлө мүчөлөрүнө жана кулатылган режимдин тарапкерлерине каршы санкциялар күчүндө калат.

Ак үй Сириянын жаңы өкмөтүнүн иш-аракеттерине, анын ичинде Израил менен мамилесин нормалдаштыруу боюнча конкреттүү кадамдарга көз салаарын да кошумчалады

Сириянын тышкы иштер министри Асад аш-Шибани санкциялардын алынышы Сирия экономикасынын калыбына келишине болгон тоскоолдуктарды жоюп, өлкөнү эл аралык коомчулукка чыгарат деп эсептейт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: