УКМК Кара-Балта мэри Мирлан Жекшеновдун кармалышы боюнча билдирди (видео)







Бүгүн, 1-июлда УКМК Кара-Балта шаарынын мэри Мирлан Жекшенов жана башка мэриянын кызмат адамдарынын кармалышы боюнча билдирүү таратты.
Маалыматка ылайык, мэриянын кызмат адамдары материалдык пайда табуу максатында Кытай өлкөсүндө чыгарылган 17 даана автобусту жогорулатылган баада сатып алышкан. Анын негизинде бюджетке 17 миллион сомдон ашык зыян келтирилгендиги аныкталды.
Натыйжада Кара-Балта шаарынын мэри М.Ж., "Жол курулуш башкармалыгы" муниципалдык ишканасынын жетекчиси С.Ш. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Мындан тышкары, УКМКнын коррупцияга каршы ишмердүүлүгүн блогерлерге айтып, каралаткандар кармалды.
"Кара-Балтада жолдун үстүн оңдоо иштерин жүргүзгөн аткаруучу ишканалардын биринин жетекчиси, мыйзамсыз түрдө блогерлерди жалдап, аларга акчалай сыйлык берип, ар кандай чагымчыл видео тасмаларды таратуу менен УКМКнын иштерин каралоого аракет кылган. Бишкек шаардык Октябрь райондук сотунун чечиминин негизинде "Плаза" аткаруучу ишканасынын жетекчиси М.М., жана Ю.Н., Ж.Ж., Б.Т. аттуу блогерлер кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди",- деп кошумчаланды маалыматта.
Учурда УКМК тарабынан Токмок жана Кара-Балта шаарларына бөлүнгөн 1 миллиард сом акча каражаттарынын жумшалышы текшерилүүдө.
УКМК Кара-Балта мэри Мирлан Жекшеновдун кармалышынын себебин билдирди
УКМК Кара-Балта мэри Мирлан Жекшеновдун кармалышынын себебин билдирди


