Чет элдик 59 студент четтетилди... Арабаев университетинде мыйзамсыз иш-аракеттер аныкталды



Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде кызматтык жасалмачылык фактылары аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 1-июлда УКМКнын маалымат борбору билдирди.
Маалым болгондой, окуу жайга расмий түрдө кабыл алынган бир катар чет өлкөлүк студенттер иш жүзүндө өлкөдө жок болуп, окуу процессине катышпаганы аныкталган.
Текшерүүнүн жыйынтыгында чет өлкөлүк 59 студентти окуудан чыгаруу чечими кабыл алынды:
- Өзбекстандын 30 жараны ,
- Казакстандын 20 жараны,
- Орусиянын 9 жараны.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 346-беренесинин 1-бөлүгүндө (Кызматтык жасалмачылык) каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголду. Учурда аныкталган тартип бузууларга тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары уланууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:26
2025-07-01

17:27
2025-06-30

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.