Бакуда дагы бир орусиялык журналист кармалды
Баку шаарында 30-июнда Sputnik Азербайжандын кеңсесин тинтүү учурун видеого тартып жаткан Ruptly басылмасынын журналисти Айтекин Гусейнова кармалды. Бул тууралуу орусиялык телеграмм каналдар жазышты.
Маалыматка ылайык, ал окуя болгон жерге саат 16:00дөр чамасында келген. Акыркы жолу саат 16:20да байланышка чыгып, тасманы тартып алганын айткан. Айтекин башка эч ким менен байланышкан эмес. Анын күч органдары тарабынан кармалганын апасы тастыктаган.
Кармоонун себептери айтылган жок. Анын алдында Sputnik Азербайжандын аткаруучу директору Игорь Картавих менен башкы редактору Евгений Белоусов кармалган. Жергиликтүү маалымат каражаттары кармалгандар ФСБнын тымызын иштеген кызматкерлери экенин жазып чыгышты. Бул расмий тастыкталган жок.
Ruptly - "Россия сегодня" медиахолдингине кирген орусиялык RT телеканалынын видео бөлүмү.
Айтекин Гусейнова Орусиянын жараны жана ал Азербайжанга жеке жумуштары менен барган.

