Орусия Тажикстандан желатин импорттоого тыюу салды
Бүгүн, 1-июлдан тартып Орусиянын Россельхознадзору Тажикстандын ветеринардык кызматынан уйдун желатинине сертификат берүүнү токтотууну суранды. Буга продукциянын коопсуздугуна көзөмөл жетишсиз экени себеп болгон. Мындан сырткары, айрым талаптар ЕАЭБ стандарттарына туура келбей турганы да аныкталган. Ага байланыштуу Тажикстандагы өндүрүшчүлөрдүн Орусияга жөнөтүлчү желатини убактылуу чектелет. Бул тууралуу орус басылмалары жазышууда.
Тажикстандын Бажы кызматын маалыматына караганда, үстүбүздөгү жылдын алгачкы беш айында өлкө жалпы баасы 943,4 миң доллардан ашкан 183,4 тонна желатин экспорттогон.
Өткөн жылы да Орусия Тажикстандан келген айрым продукцияларга убактылуу тыюу салган. Буга коркунучтуу оорунун чыгышы себеп болгон.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
1:54
2025-07-02

21:12
2025-07-01
20:26
2025-07-01

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.