super.kg logo
  Саясат  

Нарын облусунун жаңы башчысы Нурбек Сатаровдун өмүр баяны 

 

27-июнда президенттин Нарын облусундагы өкүлү болуп Нурбек Сатаров дайындалды. Жаңы дайындалган жетекчи 29-июнда эмгек жамаатка тааныштырылган.

Сатаровдун өмүр баяны:

Нурбек Сатаров 1984-жылы 30-майда Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Казыбек айылында төрөлгөн.

2006-жылы Нарын мамлекеттик университетинин инженердик багытын аяктаган. 2019-жылы президенттин алдындагы Мамлекеттик башкаруу академиясын Менеджмент адистиги боюнча бүтүрүп, магистр даражасына ээ болгон.
Эмгек жолу
  • 2007-жылы Нарын облустук стандартташтыруу борборунда инженер болуп баштаган.
  • 2010-2013-жылдары Нарын облусунун мамлекеттик администрациясында социалдык өнүктүрүү бөлүмүндө башкы адис болуп иштеген.
  • 2013-2020-жылдары Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратында бөлүм башчысы кызматын аркалаган.
  • 2020-2021-жылдары Ат-Башы районунун акими, кийин Ала-Бука районунун мамлекеттик администрациясынын жетекчиси кызматын аркалаган.
  • 2022-2023-жылдары Жалал-Абад шаарынын биринчи вице-мэри болгон.
  • 2023-жылы Нарын облусундагы өкүлдүн аппаратында бөлүм башчы, башкармалыктын начальниги, ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары кызматтарын аркалаган.
  • 2024-жылдын март айынан тартып Президенттик администрацияда эмгектенген.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: