Нарында милиция кызматкерлери буюмун жоготкон жарандын алкоосуна татыды (видео)
Нарында милиция кызматкерлери жоголгон буюмду таап, аны ээсине кайтарып беришти. Бул тууралуу облустук милиция билдирди.
Маалыматка ылайык, Ат-Башы районунун тургуну Керимбаева Сагынбүбү Бишкек шаарынан Нарынга келгенден кийин жанындагы сумкасын унаага унутуп койгон. Белгисиз такси айдоочу жүргүнчүнү түшүрүп коюп, кетип калган. Жаран ошол замат кечки кайгуул кызматында жүргөн милиция кызматкерлерине кайрылган. Алар дароо 102 кызматына кабарлашкан.
Видеобайкоолор аркылуу аркылуу такси аныкталып, ичиндеги жоголгон сумка табылып, ээсине кайтарылып берилген. Жаран милиция кызматкерлеринин ыкчам аракетине терең ыраазычылыгын билдирген.
01.07.25.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:41
2025-07-04

10:20
2025-07-04
10:18
2025-07-04

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.