super.kg logo

Трамп Илон Маскка Түштүк Африкага кайтып кетүүгө кеңеш берди

 

АКШнын президенти Дональд Трамп миллиардер Илон Масктын Конгрессте каралып жаткан чыгаша боюнча мыйзам долбооруна карата сынына жооп берди.

"Илон, кыязы, тарыхта башкаларга караганда көбүрөөк субсидияларды алат. Аларсыз ал бизнесин жаап, Түштүк Африкага үйүнө кетиши керек болчу", - деп жазган Трамп Truth Social социалдык тармактагы баракчасына.

Дональд Трамп ошондой эле АКШ Илон Масктын компанияларын субсидиялоону токтотсо, чыгымдарын кыскарта аларын айтты.

"Мындан ары ракета учуруу, спутниктер же электромобилдерди чыгаруу болбойт. Ошондо биздин өлкө бир тонна акчаны үнөмдөп калмак. Балким, биз DOGE'ден (Өкмөттүк фективдүүлүк департаменти) муну жакшылап карап көрүшүн суранышыбыз керектир? Муну менен бир тонна акчаны үнөмдөөгө мүмкүн", - деп жыйынтыктаган Ак үй башчысы.

Айта кетсек, Маск Түштүк Африкада туулуп-өскөн жана 17 жашында ал жактан алгач Канадага, андан соң АКШга окууга келген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: