super.kg logo

Ташиев транспорт министрине жол менен чуркап турууга кеңеш берди (видео

 

УКМК башчысы Камчыбек Ташиев 25-июнда Нарында өткөргөн жыйынында транспорт министри Абсаттар Сыргабаевдин бир жыл ичинде облуска канча жолу келгенине кызыкты. Журналист Өткүрбек Рахмановдун бүгүн, 1-июлда социалдык тармактагы баракчасына жарыялаган видеосунан Ташиев министрди тургузуп алып, суроо берип жатканын көрүүгө болот.

Сыргабаев 15 жолу келип кеткенин айтты. Ташиев көп келгенин жакшы деп баалап, министрди жол куруу иштерин мындан да көп текшерип турууга чакырды.

"Министр деген мобилдүү болушу керек. Чуркап туруш керек. Жол министри жол менен чуркап жүрүшү керек. Кайсы жерде жол болсо, ошол жерде министр болушу зарыл. Сиз бардык жолдор тууралуу билишиңиз керек. Эгерде 2 жолу гана келгениңизде кабинеттен кууп чыгат элем", - деди атайын кызматтын төрагасы.






01.07.25.

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: