Оштун мэри үйү "снос" болгондорго берген убадасын аткаруу алдында турганын айтты (видео)
Ош шаарынын мэри үйү "снос" болгондорго берген убадасын аткаруу алдында турганын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 1-июлда шаарда Эне-Сай жаңы конушунун курулушун баштап жатып билдирди.
"Ошто мен мэр болуп келгенден бери "снос" иштери башталган болчу. Ошондо элдин үйлөрү жабыркап жатат деген маселелер болгон. Мен элге "силерди капа кылбайбыз, көчөдө калбайсыңар" деп сөзүмдү берген болчумун", - деди ал.
Токторбаевдин айтымында, долбоорду ишке ашыра турган Кытайдын "Куньлунь" курулуш компаниясы быйыл октябрь айында 300 үйдү куруп бүтүп, тапшырат. Мэр ал үйлөр турак жайы "снос" болгондорго берилерин белгиледи.
01.07.25.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
2:41
2025-07-02
0:26
2025-07-02

22:42
2025-07-01

20:55
2025-07-01

17:57
2025-07-01
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.