super.kg logo

Трамп: 'Израил Газа тилкесинде 60 күндүк ок атышууну токтотуу шарттарына макул болду"

 

АКШнын президенти Дональд Трамп Израил Газа тилкесинде эки айга созулган ок атышууну токтотуу боюнча керектүү шарттарга макул болгонун билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

"Бүгүн менин өкүлдөрүм Израил тарап менен Газанын маселеси боюнча узак жана жемиштүү жолугушуу өткөрүштү. Израил 60 күндүк убактылуу ок атышууну токтотуу шарттарына макул болду. Бул аралыкта биз бардык тараптар менен иштешип, согушту токтотууга аракет кылабыз",- деп жазган Трамп Truth Social'дагы баракчасында.

Трамптын айтымында, тынчтык орнотуу үчүн Катар менен Египет ХАМАС кыймылынын өкүлдөрүнө бул боюнча маалымат беришет.

"Мен Жакынкы Чыгыштын келечеги үчүн ХАМАС бул келишимге макул болот деп үмүт кылам. Анткени кырдаал жакшы жакка өзгөрбөйт — болгону начарлайт",- деп кошумчалаган Трамп.

Буга чейин америкалык басылмалар Израилдин стратегиялык пландоо министри Рон Дермер Вашингтонго келип Ак үйдүн өкүлдөрү менен Газа жана Ирандагы кырдаалды, ошондой эле Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун АКШга сапарын талкуулай турганын билдиришкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: