АКШнын аба соккуларынан кийин Иранда 400 килограмм байытылган уран жоголду
АКШнын аба күчтөрү Ирандагы өзөктүк объекттерге сокку ургандан кийин, өлкөдө 400 килограмм жогорку деңгээлде байытылган уран дайынсыз жоголду. Бул тууралуу CBS News телеканалына курган маегинде Эл аралык атомдук энергия агенттигинин (МАГАТЭ) башкы директору Рафаэль Гросси билдирди.
МАГАТЭнин баалоосу боюнча, мындай көлөмдөгү уран 9 өзөктүк курал жасоого жетиштүү.
"Бул материалдар кайда экенин биз билбейбиз, жана алардын бир бөлүгү акыркы 12 күн ичинде болгон чабуул учурунда жок кылынышы да мүмкүн. Бирок айрымдары башка жакка көчүрүлгөн болушу да ыктымал",- деди Гросси.
Ал кошумчалагандай, Иран МАГАТЭ инспекторлоруна өлкө ичинде кайрадан иштөөгө уруксат бериши керек жана бул мүмкүн болушунча эртерээк болушу зарыл.
28-июнда Иран бийлиги Гроссини өзөктүк объекттерине кайра киргизбей турганын жарыялаган.
Эске салсак, 13-июнга караган түнү Израил Иранга карата аскердик чабуулдарды баштаган. Бул Тегерандын өзөктүк программасына байланыштуу болгон. 22-июнда АКШ расмий түрдө Израил менен Ирандын ортосундагы кагылышууга кошулуп, Ирандын Натанз, Фордо жана Исфахан шаарларындагы үч өзөктүк объектке сокку урган. АКШ президенти Дональд Трамп мындай чабуулдардын максаты Ирандын өзөктүк мүмкүнчүлүктөрүн чектөө экенин билдирген.

