super.kg logo

Зеленский Азербайжанды колдоду

 

Украина президенти Владимир Зеленский кечээ, 1-июлда Азербайжан президенти Ильхам Алиев менен телефон аркылуу сүйлөшүп, Украина Азербайжанды толук колдоорун билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматтарга ылайык, ал Орусиянын аймагында азербайжан жарандарына карата зомбулук жана коркутуулар болуп жатканын белгиледи.

"Украина Азербайжан эли жана аймактык бүтүндүк үчүн Орусиянын зомбулугуна каршыбыз",- деп жазды Зеленский X социалдык тармагында.

Зеленский Орусияда каза болгон азербайжан жарандарына көңүл айтып, бул окуя боюнча адилеттик болушу керек экенин айтты. Эки лидер эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык кызматташтыкты да талкуулашып, өкмөттөр аралык жыйын өткөрүүнү макулдашты.

Эске салсак, 27-июнда Екатеринбург шаарында 50дөй азербайжан жараны кармалып, 2001–2011-жылдардагы кылмыштарга байланышы бар-жогу текшериле баштаган. Тергөөнүн жүрүшүндө башкы шектүүлөр болгон Гусейн жана Зияддин Сафаров аттуу бир туугандар каза болду.

Бул окуядан кийин Азербайжан Орусиянын элчисине катуу нааразычылык билдирип, өлкө ичинде орусиялык иш-чараларды токтоткон.

30-июнда Азербайжан милициясы Бакудагы орусиялык "Sputnik Азербайжан" агенттигинин кеңсесинде тинтүү жүргүзүп, жетекчилерин камакка алган. Аларга мыйзамсыз ишкердик жана алдамчылык боюнча иш козголду. Айрым жергиликтүү маалымат каражаттары камалгандарды ФСБ менен байланышы бар деп айтып жатышат.

Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков бул окуялар эки өлкө ортосундагы достукка залака тийгизбеши керек экенин билдирди.

"Орусия Баку менен жакшы мамиледе болууну каалайт",- деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: