Таиланддын премьер-министри телефон чалуусу үчүн убактылуу кызматынан четтетилди
Таиланддын Конституциялык соту премьер-министр Пхетхонгтхан Чинаватты кызматтан убактылуу четтетүү чечимин чыгарды. CNN маалымдагандай, буга телефондук сүйлөшүү учурунда жашыруун маалыматтын ачыкка чыгышы себеп болгон.
Чинаваттын кызматтан алынышы анын Камбоджанын мурдагы премьер-министри Хун Сен менен сүйлөшүүсү интернетке тарап, 36 сенатор кол койгон петициядан кийин болду. Депутаттар сүйлөшүү учурунда Чинават конституциялык жана этикалык нормаларды бузганын айтышууда. Тактап айтканда, ал Таиланддын куралдуу күчтөрүн сынга алган.
Таиланддын Конституциялык соту Пхетхонгтхан Чинаватты акыркы чечим чыкканга чейин премьер-министрлик кызматынан убактылуу четтетүүнү буйруду. Бирок ал кошумча маданият министри катары өкмөттө калат.
Акыркы убакта Чинаватты бийликтен кетирүүгө чакырыктар күчөдү. Өткөн ишембиде Бангкокто азыркы бийликке каршы нааразылык акциясы өттү. Митингге комментарий берген өкмөт башчы кооптонууга негиз жок экенин айтып, иш-чаранын тынч өтүшүн тиешелүү жетекчилерге тапшырды.

