Зевс менен Посейдон айкелинин автору. Балыкчынын жаңы шайланган мэринин өмүр баяны

Кермалиев Султан Шарипканович 1989-жылы 25-июнда Бишкек шаарында туулган. 2007-жылы Кыргыз-Орусия Славян университетин "өнөр жай жана жарандык курулуш" адистиги боюнча бүтүргөн. Кесиби боюнча - инженер. Эмгек жолун алгач ширетүүчү (сварщик) катары баштаган.
2014-жылдын 23-майынан тарта "Шарипкан" ЖЧКсынын жетекчиси. Компания негизинен сырье – курулуш материалдары өндүрүү, дизайнерлик пирстерди долбоорлоо жана куруу менен алектенет.
Анын эң белгилүү иштеринин катарында Чолпон-Атадагы комуз формасындагы пирс, ошондой эле Балыкчы шаарына орнотулган Зевс жана Посейдон скульптуралары бар. Бул объекттер азыркы учурда туристтер көп барган жерлердин бирине айланган.
2023-жылы президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Ардак грамотасы менен сыйланган. 2024-жылдын май айында жана 2025-жылдын ноябрь айында экономикалык жана өндүрүштү уюштуруу боюнча өкмөттүк резервдик программа (ӨРП) курстарынан өткөн. Үй-бүлөлүү. Бир кыз, эки уулдун атасы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:00
2025-07-02

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.