super.kg logo

Мектеп бүтүрүүчүлөрүнө "Алтын сертификат"  жана ноутбуктар тапшырылды

 

Бүгүн, 2-июлда министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча эң жогорку балл алган мектеп бүтүрүүчүлөрүн "Алтын сертификаттар" менен сыйлоо аземине катышты. Бул тууралуу президенттин администрациясынан маалымдашты.

Иш-чарага "Алтын сертификаттын" 54 ээси, ошондой эле ЖРТдан жогорку балл алган 19 окуучу катышты.

"Бүгүнкү күн жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча эң жогорку балл алган бүтүрүүчүлөр үчүн гана эмес, жалпы коомубуз үчүн да өзгөчө мааниге ээ. Бул ийгиликтин артында балдардын өздөрүнүн аракети гана эмес, ата-энелердин камкордугу, мугалимдердин тынымсыз эмгеги турат. Сиздерди бул маанилүү окуя менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм! Быйыл 56 миңден ашуун тестирлөөгө катышуучулардын арасынан көрүнүктүү натыйжаларга жетишкен бүтүрүүчүлөрдүн санынын көбөйүшү өзгөчө кубандырат. Бул билимдин баалуулугун түшүнгөн жана алдына койгон максаттарга умтулган жаңы муун өсүп келе жаткандыгынын ачык далили. "Алтын сертификат»" – бул жөн гана жогорку балл эмес, бул тырышчаактыктын, туруктуулуктун жана чечкиндүүлүктүн татыктуу натыйжасы",- деди ал.

Адылбек Касымалиев мектеп бүтүрүүчүлөрүнө келечектеги кесибин тандоого өзгөчө жоопкерчилик менен мамиле кылууну каалап, өлкөбүздүн өнүгүшү үчүн билимдүү, жоопкерчиликтүү, кесипкөй жана патриоттук маанайдагы кадрлар керектигин баса белгиледи.

"Бүгүн Кыргызстан экономиканы, айыл чарбасын, маалыматтык технологияларды, экологияны жана билим берүү системин өнүктүрүүгө багытталган стратегиялык жолду карманууда. Дал ушул жолду улантып, сапаттык жаңы деңгээлге чыгара турган сиздер – жаңы муунсуздар. Кыялдануудан коркпогула, алдыңарга бийик максаттарды койгула жана тырышып окугула",- деди ал.

Иш-чаранын катышуучуларына ата мекендик өндүрүштөгү ноутбуктар белекке берилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: