super.kg logo

BTS армиядан кайтып келип, дүйнөлүк турга даярданууда

 

Түштүк Кореянын белгилүү K-pop тобу BTS жумуш тыныгуусун расмий түрдө аяктады. Бардык жети катышуучу аскерде милдеттүү кызматын өтөп бүтүп, 2026-жылдын жаз айларына пландалган жаңы альбомдун үстүндө иштей баштады. Бул тууралуу CNN маалымдады.

Альбом тууралуу жаңылык Weverse платформасындагы түз эфирде жарыяланды. Эфирге топтун бардык мүчөлөрү - RM, Жин, Ви, Чимин, Жей-Хоуп, Чонгук жана Шуга катышты. Бул алардын 2022-жылдын сентябрынан берки биринчи бирге эфирге чыгышы болду.

Музыканттар альбомду июль айынан тартып даярдай баштай турганын жана анда ар бир мүчөнүн ой-пикирин чагылдырган чыгарма болорун айтышты. Жаңы ырлардын үстүндө алар АКШда иштешет.

Ошондой эле 2026-жылы топ дүйнөлүк гастролго чыгат - бул алардын акыркы 4 жылдагы алгачкы концерттик туру болмокчу.

BTS мүчөлөрү Түштүк Кореядагы милдеттүү аскердик кызматын өтөп бүтүштү:

  • Жин – биринчи болуп 2024-жылы июнда;
  • Жей-Хоуп – октябрда;
  • Шуга – армиянын ордуна социалдык кызмат өтөгөн.

Эскерте кетсек, Түштүк Кореяда 18-21 ай аралыгында бардык эркектер милдеттүү түрдө аскердик кызмат өтөшү керек. 2020-жылы BTS'ке атайын мыйзам аркылуу аскердик кызматты 30 жашка чейин жылдыруу мүмкүнчүлүгү берилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: