super.kg logo

Иран МАГАТЭ менен кызматташтыгын убактылуу токтотту 

 

Ирандын президенти Масуд Пезешкиан аталган өлкөнүн Эл аралык атомдук энергия агенттиги (МАГАТЭ) менен кызматташтыгын убактылуу токтотуу тууралуу жарлыкка кол койду. Бул тууралуу жергиликтүү Tasnim агенттиги жазып чыкты.

Маалым болгондой, мыйзам президент тарабынан кол коюлгандан тартып күчүнө кирет. Мыйзамда Иран өкмөтүнө МАГАТЭ менен кызматташтыкты токтотуу милдети жүктөлүп, агенттиктин инспекторлору өлкөгө кирүүгө уруксат алуу үчүн Улуттук коопсуздук жогорку кеңешинин макулдугун алышы керек деп белгиленген. Бул кадамдын негизги себеби катары Ирандын ядролук объекттерине коопсуздуктун камсыздалбаганы жана МАГАТЭнин саясий көз карашы айтылган.

Ирандын президенти Пезешкиан 27-июнда видео кайрылуусунда Израил менен АКШнын Ирандын ядролук объекттерине жасаган чабуулдарын эл аралык өзөктүк куралды жайылтпоо режимине каршы жасалганын белгилеп, МАГАТЭнин башчысы Рафаэль Гроссинин бул чабуулдарга жоопсуз калуусун сынга алган.

Ирандын президенти Пезешкиан буга чейин 2024-жылдын ноябрь айында МАГАТЭнин башчысы Гроссиге жолукканда Ирандын ядролук программасы тынчтык максатында гана экенин жана Иран эч качан ядролук курал өндүрүүгө аракет кылбай турганын билдирген. Ал Ирандын ядролук программасы МАГАТЭ менен кызматташтыкта жүрүп жатканын белгилеген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: