Кыргыз-тажик жаңжалында коротулган деген шылтоо менен курал сатууну көздөгөн топ аныкталды (видео)







Кыргыз-Тажик ортосундагы куралдуу кагылышуу учурунда РГД-5 гранаталарын колдонуу шылтоосу менен сатып жиберүүнү көздөгөн кылмыштуу топ аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 2-июлда УКМКнын маалымат борбору билдирди.
Маалым болгондой, атайын кызмат шектүү катары Н.Т., М.Э., Н.К., Н.Т., О.Б., А.Т., С.Р. аттуу жарандарды, ошондой эле чек ара кызматынын азыркы жана мурдагы 2 кызматкерин кармады.
"Алардын бири кардарларды издөө менен алектенген, башкасы курал ташуу үчүн автотранспорт каражаттарын жана коопсуз кыймыл үчүн адистештирилген аскердик кийимдерди даярдоодо болгон. Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында курал-жарактарды жана ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүүдөн 4 даана РГД-5 гранатасы, кесилген ок атуучу мылтык, 7,62 милиметр жана 5,45 калибрлүү ок-дарылар алынган. Кылмыш ишине тиешеси бар жалпысынан 9 адам кармалып, №21 тергөө абагына киргизилди",- деп билдирди УКМК.
Учурда бул кылмышка тиешеси бар бардык адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
УКМК

