Биздин мекендештер Орусияда кантип насыя алышат? Бул мүмкүнбү?
Эгер сиз учурда Орусияда жашап жатсаңыз же жакында барууну пландасаңыз, анда ал жердеги банктар көп учурда насыя берүүдөн баш тартканын же кыйынчылык менен бергенин уккандырсыз же андай жагдайга туш болгондурсуз. Мунун себеби банктар сиздин финансылык аракеттериңизди көрө албай жатканынан улам жана сиздин кандай ишенимдүү экениңизди баалай албагандыгында. Эмне үчүн мындай болуп жатканын жана кредит алуу мүмкүнчүлүгүн кантип жогорулатса болорун айтып беребиз.
Бишкектен келген ашпозчу Алмаз Кенжебеков азыр Подмосковьедеги ашканада эмгектенет. Ал жакында эле улуу баласы менен Россияга көчүп келген. Уулу быйыл мектепти аяктап, Москвадагы университетке тапшырууну көздөөдө. Алмаз бул өлкөдө узагыраак калууну ойлонуп жүргөн, эми уулунун окуусун эске алып, бүт үй-бүлөсүн борборго көчүрүп келүүнү пландап жатат. Бул үчүн каражат керек - батир ижарасы, көчүү чыгымдары жана документтерди тариздөө сыяктуу маселелер бар. Алмаз банк аркылуу кредит алууну чечти, бирок анын өтүнүчү четке кагылды.
"Банкка барып, жагдайымды түшүндүрдүм", — деди Алмаз биздин басылмага берген маегинде.
"Расмий жумушум бар, туруктуу маяна алам. Ошого карабай, насыя берүүдөн баш тартышты. Интернеттен окусам, мунун себеби каржылык таржымалымдын жоктугунда экен", — деп кошумчалады ал.
Орусиядагы көптөгөн чет элдиктер сыяктуу эле, Алмаз да банк системасы үчүн "каржылык таржымалысыз" адам болуп эсептелди.
Эмне үчүн банктар "жок" дешет?
Башкы себеп — банк сизди кардар катары тааныбайт. Алар үчүн сиздин кирешеңиз бар экенин, банк картасын кандайча колдоноруңузду жана милдеттенмелерди өз убагында аткарарыңызды билиши маанилүү.
Эгер сиздин орусиялык банкта эсебиңиз жок болсо, үзгүлтүксүз акча операцияларын жүргүзбөсөңүз же мурда алынган насыялар боюнча таржымалыңыз жок болсо, анда сиз банк үчүн белгисиз кардар болуп саналасыз.
Мындан сырткары, резидент эмес макамыңыз да абалды татаалдатат: көпчүлүк банктар мындай кардарларга этияттык менен мамиле кылышат.
Жаңы келгендерге эмне жардам берет?
Эгер сиздин банктык эсебиңиз болсо жана анын кызматтарын үзгүлтүксүз колдонсоңуз, банк сиз тууралуу "каржылык портрет" түзүп баштайт. Бул толук кандуу кредиттик таржымал эмес, бирок канчалык көп маалымат топтолсо, банктын сизге болгон ишеними жогорулайт.
Дебеттик карта — бул финансылык кыймылды баштоонун эң жөнөкөй жолу. Аны менен айлык акыңызды алып, сатып алууларга төлөп, үй-бүлөңүзгө акча жибере аласыз. Бул операциялар банктын сизди кардар катары жакшыраак түшүнүүсүн жеңилдетет.
Эскертүү: дебеттик картаны колдонуу — кредит берилет деген кепилдик эмес, бирок ал мүмкүнчүлүгүңүздү кыйла жогорулатат.
Эгер сиз Орусияга жакында эле келген болсоңуз, T-Bank'тын Black дебеттик картасын байкап көрүңүз. Банк чет өлкөлүктөрдүн муктаждыктарын эске алат:
- Картаны Орусиянын сим-картасы жок эле тариздеп алууга болот — чет өлкөлүк номерди гана көрсөтүү жетиштүү.
- Кыргызстанга 22 миң сомго чейин (20 миң орус рублуна барабар) комиссиясыз которууга болот. Эгер үй-бүлөңүзгө дайыма акча жөнөтүп турсаңыз, бул ыңгайлуу.
- Тиркеме жана колдоо кызматы кыргыз, орус жана англис тилдеринде жооп берет.
- Өнөктөштөрдүн атайын сунуштары боюнча кэшбэк 30 пайызга чейин жетет — сарпталган акчанын бир бөлүгү картага кайтарылат.
Таалай Акматов Орусияга көчүп келгенде, алгач T-Bank'тын Black картасын алган. Аны менен айлыгын алып, дүкөндөрдө төлөм жүргүзүп, Оштогу үй-бүлөсүнө акча жөнөтүп турчу. Бир нече айдан кийин техникага тиешелүү жабдууларды алуу үчүн шашылыш акча керек болуп калган. Ал чет өлкөлүктөр үчүн кредиттик карта бар экенин билип, өтүнмө жөнөткөн.
"Мурда эч качан Орусияда кредит алып көргөн эмесмин. Мага берилбейт го деп ойлогом", — деди Таалай.
"Бирок банктын адиси чалып, мага насыя бериле турганын билдирди. Менин киреше-чыгашаларым T-Bank дебеттик картам аркылуу көрүнүп турган үчүн болушу мүмкүн", — деп кошумчалады ал.
Эми ал картаны күтүлбөгөн чыгымдар үчүн колдоно алат. Эң башкысы, анын айтымында, кредитти туура пайдаланып, карызга батпоо маанилүү. T-Bank'тын картасында 55 күндүк пайызсыз мөөнөт бар, ал эми кредиттик лимит — 1 миллион рублга чейин, болжол менен 1,1 миллион сом.
Эмнеден башиоо керек?
Насыя сизге керек деле болбошу мүмкүн. Бирок алдын ала даярдык болгону жакшы. T-Bank'тан макулдук алуу үчүн эң биринчи кадам — Black дебеттик картасын алуу жана аны активдүү колдонуп баштоо.
Картаны тариздөө үчүн адатта телефон номериңиз жана электрондук почтаңыз жетиштүү. Айрым учурларда кошумча документтер: паспорт, миграциялык карта, виза же жашоого уруксат кагазы керек болушу мүмкүн.
Black картасы тууралуу толук маалыматты T-Bank'тын расмий сайтынан таап жана онлайн өтүнмө калтыра аласыз.
