super.kg logo

Индияда сел жүрүп, 50дөн ашык адам каза тапты (видео)

 

Индиянын түндүгүндөгү Химачал-Прадеш штатында катуу жааган жаандан улам сел жүрүп, 51 адам каза тапты. 100дөн ашык адам жаракат алды. Бул тууралуу NDTV телеканалы кабарлады.

Акыркы жумада катуу жааган жаан-чачын, суу ташкыны жана жер көчкү 12 райондун тургундарына чоң зыян алып келди. Учурда 22 адам дайынсыз болууда. Штатта 400дөн ашык жол жабылып, көптөгөн турак үйлөр, көпүрөлөр, электр чубалгылары жана айыл чарба жерлери жабыркады.

Индиянын метеорология департаменти аймакта жакынкы күндөрү кооптуу аба ырайы күтүлүп жатканын билдирди. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү калкты этият болууга жана мүмкүн болушунча коопсуз жерлерде болуп туруу керектигин эскертүүдө.

Химачал-Прадеш штатында жаан-чачын мезгили июндун аягынан сентябрга чейин созулат.






Индияда сел жүрүп, 50дөн ашык адам каза тапты (видео)

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: