Рак оорусуна кабылган 7 жаштагы Эламан калктын жардамына муктаж болууда
Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун 7 жаштагы тургуну Эламан Жанайев чет өлкөдө жасала турган операциясы үчүн калктын жардамына муктаж болууда.
Апасы Жыпара Талипованын айтымында, учурда Эламан Бишкектеги Балдар онкологиясында оор абалда жатат.
Ал уулунун операциясы үчүн чоң суммада каражат керектигин айтып, кыргыз элинен жардам сурады.
"2020-жылы 18-декабрь биздин үй-бүлөнүн бактылуу мүнөттөрү заматта кайгы-капага айланды. Бир күнү Эламандын абалы жакшы болбой, өңү да кубарып кеткенин байкадык. Жергиликтүү ооруканага кайрылып, кан анализдеринин жыйынтыгы 50 көрсөткүчтү көрсөттү. Бишкек шаарына Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун гематология бөлүмүнө жаткырылдык. Ал жерден да анализ алышты. Бирок диагнозу рак оорусу болгондуктан, балдар онкология бөлүмүнө которулуп, дарылоо курсун баштаганбыз. Баары жакшы натыйжа берип жатты. Ооруну жеңдик дегенден кийин 4 жыл өткөн соң оору рецидив болду - кайра жанданды.
Азыркы тапта баламдын жашоосу коркунучта жана шашылыш түрдө Түркияга жүлүн чучугу (костный мозг) трансплантациясына жөнөтүү керек. Операция үчүн болжолдуу 100 миң доллар керек болууда. Учурда 15 миң доллардын тегерегинде каражат чогултулду",- дейт Талипова.
Жардам берүүнү каалагандар үчүн реквизиттер:
Мбанк 0509-01-11-95 Жыпара Т (апасы)
О деньги 0509-01-11-95 Жыпара Т (апасы)
Элкарт 0509-01-11-95 Жыпара
СберБанк +79920918369 Нурлан Ж (атасы)

