super.kg logo

Түрк оппозициясы Имамоглуну колдоо үчүн 20 миллиондон ашык кол топтоду

 

Түрк оппозициясы Стамбулдун камалган мэри Экрем Имамоглуну президенттикке талапкер катары колдоо үчүн 20 миллиондон ашык кол топтоду. Бул тууралуу шейшемби күнү кечинде калаа мэриясынын жанында Имамоглунун камалышынын 100 күндүгүнө байланыштуу уюштурулган митингде Республикалык элдик партиянын лидери Озгур Озел билдирди.

"Бир тараптан Түркия буга чейин көрбөгөн митингдерди уюштуруп жатабыз. Экинчи жагынан дүйнөлүк саясий тарыхтагы эң чоң кол топтоо иш-чарасын өткөрүп жатабыз. Алардын саны азыр 20 миллиондон ашты",- деди ал.

Эске салсак, Имамоглу коррупция жана террорчулар менен байланышы бар деген айып менен 19-мартта кармалып, соттун чечими менен 23-мартта камакка алынган. Ал камакка алынгандан кийин Түркияда нааразычылык акциялары күчөгөн. Анын алкагында митингдин 2 миңге жакын катышуучусу кармалганы кабарланган.

Түркияда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү жана Имамоглуну колдоо үчүн кол топтоо иши 30-мартта башталган. Анда 28 миллион кол топтоо планы жарыяланган болчу.

Түркияда президенттик шайлоо 2028-жылга белгиленген. Бирок оппозиция мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүнү талап кылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: