super.kg logo
  Саясат  

Ошто үч кабаттуу унаа токтотуучу жайы менен эс алуу багы курулууда

 
Ош шаарына 2,6 гектар аянтта заманбап эс алуу багы курулат. Жасалып жаткан иштердин жүрүшү менен Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев жеринен таанышып, тиешелүү кызматтарга курулушту сапаттуу жана мөөнөтүндө бүткөрүүнү тапшырды. Бул тууралуу бүгүн, 2-июлда мэриядан билдирди.
Калаа башчысы шаар ичиндеги кароосуз турган жерлерди жашоочулар үчүн жалпы максатка пайдалануу, жашыл аймактарды, эс алуу аянтчаларын көбөйтүү зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле Жекелик дарыясынын суу корук аймагын жеке тараптардын тосуп алган жерлерин бошотуу, жээктен 10 метрге чейин жылдырууну тапшырды.
Жаңы сквердин аймагында төмөнкү объекттер курулат:
  • 156 унаага ылайыкталган үч кабаттуу унаа токтотуучу жай;
  • кичи футбол аянтчасы;
  • заманбап талаптарга жооп берген ажатканалар;
  • эс алуучулар үчүн кафе;
  • башкы кире бериш бөлүгүндө декоративдик арка.
Учурда эс алуу багында суугат системалары орнотулуп, жөө жүрүүчүлөр үчүн тротуарларга таман таштар төшөлүүдө.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: