super.kg logo

"Сиз берген садака кызым үчүн шыпаа, өзүңүз үчүн сооп болсун..." 4 жашар Эркеайым жардамга муктаж (видео)

 

SUPER.KG порталына Ысык-Көл облусунун тургуну Мадина айым кайрылды. Ал 4 жаштагы кызы Эркеайым көз рагы (ретинобластома — көздүн тор кабыгындагы шишик) оорусуна чалдыгып, операциясы үчүн ири суммада каражат керек болуп жатканын айтып, кайрымдуу элден жардам сурайт.

"Жүрөгүмдө оор кайгы, акыркы үмүтүм менен сиздерге кайрылып жатам. Кызым Эркеайым болгону 4 жашта.
Ал 2 жылдан бери оор дарт менен күрөшүп келет — көз рагы (ретинобластома — көздүн тор кабыгындагы шишик).

Биз бул аралыкта көп нерсени баштан өткөрдүк. Түркиядан операция жасаттык. Андан кийин Бишкекте 14 жолу химиотерапия курсун өттү. Бирок, тилекке каршы оорусу айыкпай жатат. Азыр дарыгерлер кайрадан Түркияга шашылыш учуп, 20 жолу нур терапиясын өткөрүү керек экенин айтышууда. Дарылоону башташ үчүн болгону 10 эле күн убактыбыз калды. Эгер үлгүрбөсөк — шишик кайрадан күчөп, оор кесепеттерге алып келиши мүмкүн", - дейт ал.

Эркеайымдын өмүрүн сактап калуу үчүн 30 миң доллар керек.

"Суранам сиздерден — кайдыгер болбоңуздар. 5 — 10 сом болсо да кызымдын өмүрү үчүн чоң жардам болуп берет. Сиз берген садака Эркеайым үчүн шыпаа болуп, өзүңүз үчүн сооп, дүнүйө-акыретте коргоо болсун. Сураныч, бул билдирүүнү бөлүшүп коюңуз. Ар бир бөлүшүү — кызымдын өмүрүнө дагы бир мүмкүнчүлүк", - дейт Мадина.

Жардам берүүнү каалагандар үчүн реквизиттер:

  • МБАНК: 0703 096 699 Мадина К. (апасы)
  • О ДЕНЬГИ: 0703 096 699 Мадина К.
  • МБАНК: 0500 776 690 Эрлан Б. (атасы)
  • ОПТИМА БАНК: 4169 5853 5800 5378
  • 0703 096 699 Мадина К.





Биз менен болгон ар бир инсандан Аллах ыраазы болсун!

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: