super.kg logo

Песков: "Орусия Азербайжанды эч качан коркуткан эмес"

 

Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Орусия Азербайжанды эч качан коркуткан эмес жана коркутпайт деп билдирди. Ал мамилелердеги чыңалууну Украина күчөтүп жаткандыгын билдиргенин чет элдик басылмалар жазышууда.

"Киев Орусия менен Азербайжандын мамилесин бузуп, чыңалууну козутуу аракетин көрүп жатат. Киев отко май тамызып, Бакуну эмоционалдык аракеттерге түрттүү үчүн баарын жасайт",- деди Песков журналисттерге.

Ал ошондой эле Кремль Азербайжанда кармалган орусиялыктардын видеотасмаларына көңүл бурганын белгиледи. "Москва алардын мыйзамдуу кызыкчылыктарын колдо болгон бардык чаралар менен коргойт",- деди президенттин басма сөз катчысы.

Песковдун айтымында, Орусиянын Тергөө комитетинин төрагасы Александр Бастрыкин менен Азербайжандын башкы прокурору Камран Алиевдин деңгээлинде Москва менен Баку көйгөйлүү маселелерди талкуулап, ар дайыма байланышта.

Эки өлкөнүн ортосунда болуп жаткан абалдын негизги себептерин шилтемеден окусаңыз болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: