"Сөксөңөр да кайылмын". Бишкектин вице-мэри агынан жарыла пост жазды (видео)
Бишкек шаарынын мэринин орун басары Жамалбек Ырсалиев социалдык тармактагы баракчасына асфальтталып жаткан жол менен жүргөн унаалардын видеолорун жарыялап, аларды "мал" деп атады.
"Жаман көрсөңөр да, жакшы көрсөңөр да ушуга окшогон айбандарды "мал" дебегенде ким дейин? Анан мэрдин орун басары мал деди кокуй, этикасы жок деп жазышат. Айткылачы достор?! Ушунчалык акылы жок, адамгерчилиги жок айбандар экен. Куураттыңар эй, малдар. Адамдын эмгегин билбеген акмак экенсиңер.
Айтар сөзүм деле калбай калды. Качан жумушчулардын эмгегин, казынанын акчасын аяп, акылыңарга келесиңер? Штраф салганды да тоготпойт. Билбейм. Лента да тартып көрдүк. Жолдо ремонт болуп жатат деп бакыйып жазылып турат. Ар бириңерге бирден милиция кайтарткыдай мал эмессиңер го. Сөксөңөр да, эмне десеңер да баарына кайылмын. Элдин эмгегин жебегиле малдар",- деп жазды ал.
Ырсалиев буга чейин да Facebook баракчасында скутер айдагандардын видеосун жүктөп, "канча айткан менен баары бир экен, малдар" деп жазган.
02.07.25.
02.07.25.

