super.kg logo

Индиянын түндүгүндө нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепеттеринен 51 адам каза тапты (видео

 

Индиянын түндүгүндөгү Химачал-Прадеш штатында муссон мезгили башталгандан кийин нөшөрлөп жааган жамгырдан улам келип чыккан жер көчкү жана суу ташкындарынан кеминде 51 адам каза болуп, 100дөн ашуун адам жаракат алды. Бул тууралуу NDTV телеканалы билдирди.

Акыркы жумада штаттын 12 району нөшөрлөгөн жаандан, селден жана жер көчкүдөн жапа чеккен. 22 адам дайынсыз болууда. Штатта 400дөн ашык жол жабылып, үйлөр, көпүрөлөр, электр чубалгылары жана айыл чарба жерлери жабыркаган. Индиянын метеорологиялык департаменти кызгылт сары эскертүү жарыялады. Бул жакынкы келечекте аймакта кооптуу аба ырайы күтүлөт дегенди билдирет. Бийлик тургундарды этият болууга чакырды.

Химачал-Прадеште муссон мезгили июндун аягынан сентябрга чейин созулат. Бул мезгилде жылдык жаан-чачындын көбү жаайт.






02.07.25.

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: