super.kg logo

"Кыйналып кеттик". Оштун Беш-Мойнок айылынын тургундары бетон зоводго нааразы болушууда

 

SUPER.KG порталынын "Элдик кабар" бөлүмүнө Ош облусунун Кара-Суу районундагы Манас айыл өкмөтүнүн Беш-Мойнок айылынын тургундары кайрылышты.

Алар айылдын жогору жагында жайгашкан асфальт-бетон заводдон чыккан жыт ден соолукка залакасын тийгизип жатканын айтышты.

"Заводдон чыккан жыт менен дем алууга мүмкүн эмес. Үйдүн ичине чейин жыт кирип, эшикке кир жууп жая албай калдык.

Жергиликтүү тургундардын башы, дем алуу органдары ооруп, жаш балдардын тамактары кызарууда. Завод жетекчилигине кайрылып, майнап чыгара алган жокпуз. Биздин ден соолугубузга ким жооп берет? Кыйналып кеттик",- деп айтылат кайрылууда.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: