super.kg logo

Түштүк Кореяда 123 кабаттуу эң бийик имаратта эл аралык компания менен иштешип жаткан Диана менен маек

 

SUPER.KG порталынын "Ийгилик жаратууга дем берген жаштар" рубрикасынын бул жолку каарманы Түштүк Кореяда иштеп жаткан Аксынын кызы Диана Абринова менен болмокчу. Ал 23 жашында эле Түштүк Кореяда окуу жайды бүтүрүп, бир нече компаниялардан иштешүүгө сунуш алган.

Учурда Сеулдагы эң бийик имаратта иштеп жаткан Диана өзүнүн тажрыйбасы жана баштан өткөргөн окуялары менен бөлүштү.

- Саламатсызбы, Диана? Алгач өзүңүз тууралуу айтып, анан Түштүк Кореяга кантип барып калганыңызга токтолсоңуз.

- Саламатсыздарбы! Менин атым Диана. Мен Жалал-Абад облусунун Аксый районундагы Кербен шаарынан болом. Балалыгым ошол чакан шаарда өттү. Түштүк Кореяга болгон кызыгуум мектеп жашынан тартып эле пайда болду. Корей тилин, маданиятын жана жашоо образын өзгөчө жакшы көрчүмүн. Эсимде, 4-класста мугалимибиз өзүбүзгө келечекке кат жазууну тапшырган. Ошондо мен: "Качандыр бир күнү Түштүк Кореяда иштеп, Кыргызстан менен ошол өлкөнүн алакасын өнүктүрүүгө салым кошсом", — деп жазгам. Мына эми көздөгөн максатым ишке ашып отурат.

Мектепти аяктаган соң корей тилин үйрөнө баштадым. Бишкекте тил үйрөткөн мектептерге барып, курстарга катышып, айтор, кыялымды орундатууга бел байладым. Ага улай Кыргыз улуттук университетинин чыгыш таануу факультетине тапшырып, корей тилин адистик катары тандап, кесибимди да жөндөп кетүүнү көздөдүм. Эки жылдын ичинде корей тилим 5-деңгээлге чейин өстү. Сейчон Хактанг институтуна да барып жүрдүм.

Кийин Түштүк Кореядагы студенттик алмашуу программасы жөнүндө угуп калдым. Дароо керектүү документтерди топтоп, тапшырып, тандоодон өтүп келдим. Алгач алмашуу программасы менен окуп баштадым, бирок бул өлкөнүн билим берүү системасы мага аябай жакты. Анткени ар бир сабак тереңдетилип өтүлөт жана практикага негизделген. Ушундан улам мен Түштүк Кореяда толук бакалаврдык окуумду улантууну чечтим жана 2-курстан баштап которулуп келип окудум. Анан мен көздөгөн Түштүк Кореядагы жашоом башталды.

- Кызыгууңуз күч болгон үчүн да ал жакка көнүп кетүү оңой болгон чыгар, бирок ар бир иште кыйынчылыктар болот эмеспи. Сиздин учуруңузда кандай болду?

- Албетте, башында кыйналган учурлар көп болду, өзгөчө материалдык жактан. Жанымда болгону 500 доллар алып келгем, бардык чыгымдарымды өзүм жабууга туура келди. Алгачкы семестрлер акысыз болсо да, кийинкилерине төлөш керек болчу. Кээде стипендия берилчү, бирок калган сумманы өзүм табышым керек эле. Ошондуктан дайыма иштеп, ошол эле учурда окууда жогорку баллдарды кармап туруу абдан оор болду. Бирок ушул кыйынчылыктардын аркасында мен дагы да күчтүү болуп өстүм деп ойлойм.

- Окууну ийгиликтүү аяктап, сизге 5 компаниядан иштеп калууга сунуш түштү деп жатышат. Сыймыктанабыз! Ушул тууралуу айтып берсеңиз?

- Ооба, 2025-жылдын февралында мен университетти ийгиликтүү бүтүрдүм. Окуудан кийин дароо эле ар түрдүү компанияларга резюмемди жөнөтө баштадым. Бирок мен түшүнгөн эң маанилүү нерсе — бул жумушка орношууга даярдыкты алдын ала баштоо керек экендиги болду.

Бактыма жараша, университетте мени туура багыттап турган менторлор жана насаатчылар бар эле. Алар жөн гана окууну бүтүрүү жетишсиз, тил деңгээлиңди көтөрүп, иш тажрыйбаны да топтоо зарыл дешип дайыма айтып турушчу. Өзгөчө студент кезиңде стажировкалардан өтүү — бул абдан маанилүү. Жадакалса 2–3 ай гана стажировка өтсөң да, чоң тажрыйба аласың. Ал жерден командалык иш, убакытты башкаруу, милдеттерди чечүү, кардарлар менен мамиле түзүү сыяктуу көп нерселерди үйрөнөсүң.

Мен өзү туризм-менеджмент багытында окугам, бирок биздин сабактарда бизнес жана маркетинг боюнча темалар да көп болчу. Үчүнчү курстан баштап бул тармак келечектүү болобу же жокпу деп шектене баштадым. Ошондо мен IT тармагына кызыгып, өзүмө ылайыктуу багыт издеп чыктым. Изилдеп көрсөм, эң жакыны — веб-дизайн экенин билдим.

Ошентип, мен Кореядагы "Habshida" аттуу IT-окуу лагерине (буткемпке) жазылдым. Бул жерде Орусиядан, Кыргызстандан, Казакстандан келген орус тилдүү жаштарга веб-дизайн, программалоо жана жасалма интеллект тармагын үйрөтүшөт. Ушундан кийин мен IT-комьюнити менен жакындан аралаша баштадым жана веб-дизайнды нөлдөн тартып үйрөнүүгө өттүм.

Жыл ичинде активдүү окуп, тажрыйба топтоп, 4-курстун аягында экинчи жолу стажировкага бардым. Ага чейин мен жасалма интеллект (AI) тармагында иштеген компанияда графикалык дизайнер болуп иштедим. Натыйжада университетти эки стажировка, дизайн боюнча көндүмдөр жана жакшы корей, англис тил деңгээли менен аяктадым.

Окууну ийгиликтүү бүтүргөн соң жумуш издей баштадым. Менторлор мага дайыма жумасына 300гө чейин резюме жөнөт, ошондо сенде тандоо мүмкүнчүлүгү көп болот деп айтышчу. Жөн гана бир компанияга үмүт артып күтпөй, мүмкүнчүлүктөрдү көбөйткөн жакшы.

Бул процесс оңой болгон жок. Кореяда жумушка орношуу бир аз оорураак. Анткени атаандаштык өтө чоң, айырмаланып турушуң керек. Күн сайын жүздөгөн вакансия карап, резюме жиберчүмүн. "JobKorea", "Sarami" сыяктуу платформалардагы көпчүлүк жумуштарга жиберип, айтор, мен жибербеген аз эле компания калды окшойт.

Натыйжада мени 26 компания маектешүүгө чакырып, алардын бешөөсүнөн расмий оффер алдым. Алар ар түрдүү тармактардан турат: сулуулук индустриясы, медицина, IT жана жасалма интеллект. Мен өзүмдүн максаттарыма, амбициям менен өсүү мүмкүнчүлүгүнө жараша эң ылайыктуусун тандадым.

Азыр мен Түштүк Кореядагы эң бийик имаратта — Lotte World Tower’де жайгашкан эл аралык компанияда иштейм. Бул жаңы баракчам үч ай мурун башталды. Буга чейин кылган аракеттеримдин үзүрүн эми көрө баштайм деген илгерки үмүттөмүн.

- Мекенди сагынуу деген кандай экен? Мындай сезимди чет өлкөгө иштегени же окуганы кеткен жарандар жакшы сезет эмеспи.
- Ооба, албетте. Мен Кыргызстанды чет өлкөгө чыккандан баштап эле сагына баштагам. Кыргызстанда өзүңдү ар дайым “өз киши” катары сезесиң. Ал жерде баары өз үйүңдөй: тааныш, ыңгайлуу, адамдар да, тил да – баары жакын. Бул жактагыдай күнү-түнү иштеп, акча табууга жан үрөө, кээде жадакалса ачка каламбы деп санаа тартуу — мындай оор басым жок. Кыргызстанда адам өзүн көбүрөөк тынчтыкта жана коопсуз сезет. Эң көп сагынганым — албетте, үй-бүлөм жана ата-энем болду.
- Кыргызстанга келип иштеп, өнүгүүгө салым кошоюн деген ойлор барбы?
- Азыр мен карьерамдын эң башталышында турам. Жакында эле эл аралык компанияга жумушка орношуп, иштөөнү жаңыдан баштадым. Бул компания медициналык тармакта иш алып барат. Мен азыр бул тармакта ар тараптуу тажрыйба топтоп жатам. Ар кандай багыттарда иштеп, бир эле учурда көп нерсени үйрөнүп жатам: бизнес кандай иштейт, келишимдер кандай түзүлөт, адамдар менен кантип сүйлөшүү керек, акчаны кандай башкаруу керек — баарын практика жүзүндө көрүп, билип жатам.
Учурда мен үчүн эң негизгиси — бул өсүү. Адис катары да, инсан катары да өнүгүп жатам. Бирок келечекте өзүмдү кайсы тармакта эң пайдалуу боло алам деп так аныктагандан кийин мен сөзсүз түрдө ошол багытта терең адис болуп, чыныгы кесипкөй деңгээлге жетип, Кыргызстанга кайтып, анын өнүгүүсүнө салым кошкум келет.
Менин максатым — жөн гана кайтып келүү эмес, жаңы идеяларды, заманбап ыкмаларды, чет өлкөдөн алган тажрыйбаны колдонуп, Кыргызстандагы экономикага жана ишкер чөйрөгө реалдуу жардам берүү.
- Сиздей билимге, илимге умтулган жаштар баарына үлгү. Жаштарга кандай кеңеш берет элеңиз?
- Эң биринчи кезекте мен жаштарга өзүн өнүктүрүүдөн баштоону сунуштамакмын — инсан катары, адис катары жана адам катары да. Бүгүнкү күндө эң маанилүү нерселердин бири — бул так максат коюу. Өзүңө суроо бер: “Мен ким болгум келет жана эмне үчүн?”
Ошол эле учурда мен өзүм кетирген бир чоң катаны эскертип кетким келет: максатка жетем деп, өзүңдү толугу менен унутууга болбойт. Менин жашоомдо ошондой учурлар болгон — күнү-түнү окуп, иштеп, туура тамактанбай, тийиштүү уктай албай, өзүмдү таптакыр жоготуп койгом. Ошондо мага көрүнгөн нерсе — бул ийгиликке жетүүнүн жолу. Бирок кийин түшүндүм. Эгер ден соолугум начар, жан дүйнөм чарчаган болсо өнүгө албастыгыма көзүм жетти.
Ошондуктан менин жаштарга кеңешим: сиз кызыккан, шык-жөндөмүңүз бар жана ошол эле учурда акча алып келе турган багытты табыңыз. Бул — максат менен жашоонун ортосундагы “алтын үч бурчтук”.
Ошондой эле төмөнкү нерселерге көңүл бурууну сунуштайм:
  • Ден соолукту сактаңыз — туура тамактануу жана спорт жөн гана пайдалуу эмес, алар зарыл нерселер. Спорт денеңизди гана эмес, мээни да тазалайт, энергия берет. Ал эми туура тамактануу — бул сиздин иммунитетиңиздин 80 пайызы;
  • Пландоону үйрөнүңүз — күнүңүздү туура бөлүштүрүү: эс алуу, өнүгүү, ден соолук жана иш тең салмакта болушу керек;
  • Ар тараптуу болуңуз — тил үйрөнүңүз, заманбап санариптик көндүмдөрдү өздөштүрүңүз, адамдар менен баарлашууну үйрөнүңүз, өзүңүздү ар түрдүү чөйрөдө сынап көрүңүз;
  • Жана эң башкысы — өзүңүзгө чынчыл болуңуз. Эмне каалап жатканыңызды так билүү маанилүү. Жол түз болбой калышы мүмкүн, бирок өзүңүзгө болгон чынчылдык сизди кайра өз жолуңузга алып келет.
Жаштык — бул фундамент кура турган мезгил. Пайдубалды бекем, тең салмактуу жана жашоого жарамдуу кылып тургузуңуз. Ката кетирүүдөн, кайра баштоодон коркпоңуз — мунун баары өсүүнүн табигый бөлүгү.
- Маегиңиз үчүн ыраазычылык билдиребиз! Максаттарыңыз орундалып, бүт кыргыз эли сыймыктанган кыздардан болуп жүрө беришиңизге тилектешмин.





08.07.25

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: