Франициянын бир нече шаарларында кээ бир аба каттамдары жокко чыгарылды
Францияда Париж жана башка бир нече шаарларда аэропорт кызматкерлеринин иш таштоо акциясына байланыштуу 3-4-июлга пландалган кээ бир учуулар токтотулду. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазышты.
Маалым болгондой, Франциянын Жарандык авиациянын Башкы башкармалыгы (DGAC) аэропорт кызматкерлеринин иш таштоосуна байланыштуу авиакомпаниялардан 3-4-июлда айрым каттамдарын жокко чыгарууну суранган.
DGAC'тын талабына ылайык, 3-июлда Париж аймагындагы Париж Шарль де Голль, Орли жана Бовэ аэропортторунда учуулар 25 пайызга, Лион, Марсель, Монпелье, Ажаччо жана Фигари аэропортторунда учуулар 30 пайызга, Ницца, Бастия жана Кальви аэропортторунда учуулар 50 пайызга токтотулду.
Ал эми 4-июлда Париж Шарль де Голль, Орли жана Бовэ аэропортторунда каттамдардын 40 пайызы жокко чыгарылат.
Трафик көзөмөлдөө кызматкерлери иш шарттары жана кадрлардын жетишсиздиги сыяктуу көйгөйлөргө көңүл буруу максатында иш таштоо акциясын өткөрүп жатышат.

