Армения менен Азербайжан тынчтык келишимине июль айында кол коюшу мүмкүн
Армениянын премьер-министри Никол Пашинян менен Азербайжандын президенти Илхам Алиев тынчтык келишимине июль айында кол коюшу мүмкүн. Бул тууралуу Middle East Eye басылмасы маалымдады.
"Жолугушуу ушул айдын аягына пландалууда, анткени эки өлкө тең тынчтык келишимин түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү улантып жатышат",- деп айтылат маалыматта.
Маалыматка ылайык, эки тараптын жолугушуусу Дубай шаарында өтүшү мүмкүн.
Эске салсак, буга чейин Армениянын тышкы иштер министри Арарат Мирзоян Азербайжан менен тынчтык келишимин түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоого даяр экенин билдирген.
13-мартта Армениянын Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, Армения менен Азербайжан тынчтык келишиминин текстин макулдашып, сүйлөшүү процессин бүтүрүшкөн. Ереванда Бакудан келишимге кол коюу үчүн жер жана датаны сунуштоону күтүп жатышат. Андан кийин азербайжан тарап белгилегендей, тынчтык келишимине кол коюлушу үчүн Армения эл аралык сүйлөшүү форматындагы - ЕККУнун Минск тобун таратууну башташ керек жана Конституциядан Тоолуу Карабах тууралуу эскерүү бар Көз карандысыздык декларациясын алып салышы керек.
Май айында Армениянын премьер-министри Никол Пашинян өз өлкөсү менен Азербайжандын ортосунда жаңы согуш болбой турганын айткан. Ошондой эле ал тынчтык келишими Конституциялык сот тарабынан жактырылбаса, негизги мыйзамга өзгөртүүлөрдү өзү баштай турганын кошумчалаган.

