Грузия парламенти оппозициялык партиянын 12 депутатын мандатынан ажыратты
Грузия парламенти мурдагы премьер-министр Гиорги Гахария жетектеген "Грузия үчүн" оппозициялык партиясынын 12 депутатын мандаттан ажыратты. Бул тууралуу DW кабарлады.
Парламент төрагасы Шалва Папуашвилинин айтымында, партия өкүлдөрү парламент жыйындарына себепсиз катышпай койгону үчүн депутаттык ыйгарым укуктардан ажыратылган. Мындан сырткары, партия мамлекеттик каржылоодон да убактылуу четтетилди.
Партия лидери Гиорги Гахария бул чечимге жооп берип, анын мүчөлөрү жыйындарга жөн гана катышпай калган эмес, "легитимсиз парламентти" бойкоттогонун билдирди.
Гахариянын айтымында, мындай ыкма оппозицияны кол тийбестиктен ажыратып, аларга карата саясий куугунтук уюштуруу жана 2025-жылдын күзүндө өтө турган жергиликтүү шайлоонун алдында бийлик үчүн коркунучтарды четтетүү.
Грузиянын мыйзамы боюнча парламентте 150 депутат болушу керек, бирок учурда 89 депутат иштейт. Анын ичинен 79 депутат бийликтеги “Грузин кыялы” партиясынын мүчөлөрү, ал эми 10 депутат бул партиядан бөлүнүп чыгып, өздөрүн "конструктивдүү оппозиция" деп аташат.
2024-жылы өткөн шайлоодо 61 оппозициялык депутат парламентке өткөн. Бирок бардык оппозициялык партиялар шайлоонун жыйынтыгын тааныбай, парламентти бойкоттоо чечимин кабыл алышкан.
Акыркы бир айда Грузияда алты оппозициялык партиянын лидерлери камакка алынды. Ал эми оппозициячыл Гиорги Гахария учурда чет өлкөдө жүрөт.

