super.kg logo

 Парижде өзбекстандык миллионер уурдалды

 

Өзбекстандагы алгачкы санариптик банк Анор Банктын ээси, ишкер Кахрамонжон Олимов Парижде уурдалып, кун төлөгөндөн кийин бошотулду. Бул тууралуу француз басылмалары жазып чыгышты.

Le Monde басылмасы жазгандай, 23-июнда өзбекстандык банкир Париждеги борбордук бизнес району жайгашкан 8-округда барымтага алынган. Кахрамонжон Олимов эки күндөн кийин бошотулган.

"Кахрамонжон Олимов 22-июнда Парижге өнөктөштөрү менен жолугушуп, кыймылсыз мүлк боюнча келишимди жыйынтыктоо үчүн келген. Кийинчерээк аны белгисиз адамдар уурдап кетишип, акча бергенден кийин гана бошотушкан. Ал Hôtel-Dieu ооруканасынан табылып, дарыгерлер көптөгөн жаракаттарды аныкташкан",- деп айтылат маалыматта.

Кылмышка шектүү катары бир адам кармалган. Азырынча, өзбек ишкеринин уурдалышынын себептери тактала элек.

Ишканалардын жана уюмдардын бирдиктүү мамлекеттик реестринин маалыматы боюнча, Кахрамонжон Олимов санариптик Анор Банктын 99,4 пайыз акциясына ээлик кылат. Бул бир миллиард долларды түзөт.

Кахрамонжон Олимов 1977-жылы туулган. 1999-жылы Анжиян инженердик-экономикалык институтун финансы жана кредит адистиги боюнча, 2012-жылы Өзбекстандын президентине караштуу Мамлекеттик жана коомдук курулуш академиясынын Жогорку бизнес мектебин бүтүрүп, бизнести башкаруу магистри даражасына ээ болгон. Олимов Анор Банктын байкоочу кеңешинин мүчөсү катары да көрсөтүлгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: