Армения Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө болуу ниетин билдирди
Армения Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө болууга кызыкдар экенин билдирди. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги маалымдады.
Министрлик Армения ШКУнун негизги принциптерин, башкача айтканда, аймактык бүтүндүктү, күч колдонбоону жана чек аралардын кол тийбестигин колдой турганын баса белгиледи.
ШКУ 2001-жылы түзүлгөн, ага учурда 10 өлкө мүчө: Кыргызстан, Казакстан, Кытай, Орусия, Тажикстан, Өзбекстан, Пакистан, Индия, Иран жана Беларус. Уюмдун кезектеги жыйыны 2025-жылдын август-сентябрь айларында Кытайда өтөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:41
2025-07-03
21:07
2025-07-03

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.