super.kg logo

"Кыздарды сабаган". Бишкекте белгилүү бийчи Жан Воинов кармалды

 

Бүгүн, 4-июлда Бишкекте кыздарды сабоого шектелип, белгилүү бийчи Жан Воинов кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG сайтына Биринчи Май РИИБинен билдиришти.

Маалым болгондой, Воинов Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси боюнча (бейбаштык) шектелип кармалды. Учурда Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Эске салсак, блогер Алина Жакыпова 30-июнда Sheraton мейманканасында курбусу менен бирге сабалганын билдирген. Жакыпова бул окуя боюнча социалдык тармактарда билдирүү таратып, окуяга бийчи Жан Воинов, анын жубайы Зарина Алмасова жана Заринанын иниси катышканын айткан. Анын айтуусунда, кол салууга башка бир нече эркек киши да катышкан.

Бишкектеги Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) жана 206-беренеси (Тоноо) менен иш козголгон.

Биринчи Май РИИБинин ыкчам кызматкерлери 1994-жылы туулган А.Р. аттуу шектүүнү кармашкан. Соттун чечими менен ал бир айга камакка алынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: