super.kg logo

Ассоль Молдокматова уулу Жан Воиновдун кыздарды сабаганы боюнча пикирин билдирди (видео)

 

Бүгүн, 4-июлда коомдук ишмер Ассоль Молдокматова уулу Жан Воинов катышкан окуя боюнча пикирин билдирди. Молдокматова бул боюнча видео кайрылуу жасап, социалдык тармактагы баракчасына жүктөдү.

"Мен көп жылдан бери коомдун көйгөйлөрүн айтып келем. Болгон окуя мени катуу убайымга салды. Мага аябай оор. Азыр изилдөө иштери жүрүп жатат. Келгиле күтөлү. Мен териштирүү бүткөндөн кийин акыйкаттуу чечимге ишенем. Алар менин балдарым, мен аларды жакшы көрөм. Зарина мен үчүн кызымдай, менин неберелеримдин апасы. Мен дайыма чындык тараптамын",-деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, блогер Алина Жакыпова 30-июнда Sheraton мейманканасында курбулары менен бирге сабалганын билдирген. Жакыпова бул окуя боюнча социалдык тармактарда билдирүү таратып, окуяга бийчи Жан Воинов, анын жубайы Зарина Алмасова жана Заринанын иниси катышканын айткан. Анын айтуусунда, кол салууга башка бир нече эркек киши да катышкан.

Бишкектеги Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) жана 206-беренеси (Тоноо) менен иш козголгон.

Биринчи Май РИИБдин ыкчам кызматкерлери 1994-жылы туулган А.Р. аттуу шектүүнү кармашкан. Соттун чечими менен ал бир айга камакка алынган.

Ошондой эле бүгүн Молдокматованын уулу Жан Воинов Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесине (бейбаштык) шектелип кармалып, Бишкек ШИИББнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.






Ассоль Молдокматова уулу Жан Воиновдун кыздарды сабаганы боюнча пикирин билдирди (видео)

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: