Ташиев алты балалуу жалгыз бой энеге 2 бөлмөлүү батир тапшырды



Бүгүн, 4-июлда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев 6 балалуу энеге 2 бөлмөлүү батир тапшырды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалым болгондой, батир тапшырылган А.Болотбекова жалгыз бой эне, анын эки баласынын жана өзүнүн да майыптыгы бар. Колунда 5 айлык ымыркайы менен мүмкүнчүлүгү чектелүү болгондуктан, балдарын багууга шарты жок. Туруктуу жашаган үйү жоктугунан улам, батирлеп жүрүп, ижара акысын төлөөдө да кыйынчылыктар болуп келген. Андыктан, 6 балалуу эне жардам сурап шаардык мэрияга кайрылган. Бирок, ал жактан эч кандай жооп болгон эмес.
Мындан улам жалгыз бой эне УКМК төрагасына көмөк сурап кайрылган. Жыйынтыгында А.Болотбековага Ташиев шаардан эки бөлмөлүү батирдин ачкычын белек кылды.
Өз кезегинде А.Болотбекова Ташиевге көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.


