Түркияда коррупциялык иштерге байланыштуу дагы үч мэр кармалды
Түрк полициясы пара алуу фактысы боюнча иликтөөнүн алкагында түштүктөгү үч шаардын мэрлерин кармаганын чет элдик басылмалар кабарлашты.
Алар Адана шаарынын мэри Зейдан Каралар, Анталиянын мэри Мухиттин Бөчек жана Адьямандын башчысы Абдуррахман Тутдере. Үч мэр тең негизги оппозициялык Республикалык элдик партиянын мүчөлөрү.
Эртең мененки рейдде полиция шаардык муниципалитеттердин имараттарын тинтип, Анталиянын башчысы менен бирге дагы эки шектүүнү кармады.
Коррупция боюнча айыптоолор былтыртан бери күчөп, анын алкагында Стамбулдун мэри Экрем Имамоглу кармалган. Саясатчынын кармалышы өлкөндөгү митингдерди күчөткөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:04
2025-07-04
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.