super.kg logo

"Акылынан адашып калган". Трамп Илон Масктын партия түзүү демилгеси боюнча пикирин билдирди

 

АКШ президенти Дональд Трамп Илон Масктын саясий партия түзүү демилгесине комментарий берди. Бул тууралуу ал өзүнүн Truth Social социалдык тармагында жарыялады.

"Мен Илон Масктын акыркы беш аптада чындап эле акылынан адашып, чыныгы кырсыкка айланганын көрүп жатканыма өкүнөм. Ал үчүнчү саясий партия түзгүсү келет, бирок АКШда мындай аракеттер адатта ийгиликсиз болот. Систем муну кабыл албайт окшойт",- деп жазган Трамп.

Ошондой эле ал жаңы саясий кыймылдар "бөлүнүү жана башаламандыкты" алып келерин кошумчалаган.

Трамп менен Маск мурда достук мамиледе болушкан. Маск менен Трамптын ортосундагы чыңалуу Масктын Өкмөттүн эффективдүүлүк департаментинин башчылыгынан кетишинен кийин күчөгөн. Маск Трамп сунуштаган бюджет жана салык жеңилдиктерин узартуу тууралуу мыйзам долбооруна каршы чыккан. Ал мыйзам АКШнын мамлекеттик карызын ого бетер көбөйтөт деп эсептей турганын билдирген.

5-июнда Маск жана Трамп социалдык тармактарда ачык кайым айтыша кетишкен. Маск өз билдирүүлөрүн X социалдык тармагында, ал эми АКШнын президенти болсо Truth Social тармагында жазган.

Маск анын жардамы болбосо Трамп шайлоодо утулмак деген да билдирүү калтырган. Трамп Маскты "акылынан адашкан" деп атап, анын SpaceX жана Starlink космостук долбоорлорун каржылоону токтото турганын айтып коркуткан. Илон Маск мунун жообу катары Трампка импичмент жарыялоону талап кылып, аны сексуалдык кылмыштар үчүн айыпталган финансист Жеффри Эпштейндин ишине байланышы бар экенин кыйыткан. Кийинчерээк миллиардер бул билдирүүсүн өчүргөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: