Шектүү кызганычтын айынан аялын муунтуп өлтүрүп салды

Кечээ, 6-июлда Орусиянын Пермь облусунун Чайковский шаарында аялын кызганычтан өлтүрүп койгон жаран турак-жайдагы тургундарга ок чыгарып, аларды коркуткан. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, окуя саат 12:00 чамасында болгон. Бир нече мүнөттүн ичинде бардык аймак курчоого алынган. Көчөдө жүргөн жергиликтүү тургундар ар тарапка качып, кээ бирлери унааларга жашынган.
30-июнда 49 жаштагы Игорь аттуу жаран аялы 29 жаштагы Олесянын ортосунда чыр-чатак чыккан. Шектүү кызганычтын айынан аялын муунтуп өлтүрүп койгон. Буга чейин аял ажырашуу чечимин кабыл алган, бирок шектүү макул болбой жүргөн.
Кылмышка шектүү качып кетип, издөөдө жүргөн. Кечээ жашаган жеринен жарандарга ок чыгарган.
Милиция кызматкерлери алты сааттан кийин кылмышкерди кармашкан, бирок шектүү өзүн-өзү атып салган.
Жашоочулардын ичинен жабыркагандар жок.
