Оштун мэри мыкты мектеп бүтүрүүчүлөрүн сыйлады










Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев жалпы республикалык тестирлөөдө "Алтын сертификатка" ээ болгон жана окуучулардын республикалык олимпиадасында байгелүү орундарды ээлеген мектеп бүтүрүүчүлөрүн, аларды даярдаган мугалимдерди кабыл алды.
Калаа башкармалыгы Токторбаев Ош шаарынын намысын коргогон бүтүрүүчүлөрдүн келечектеги тандаган кесибинин натыйжасын өлкөбүздүн, шаарыбыздын өсүп өнүгүүсү үчүн жумшоо керектигин белгилеп, аларды жетишкендиктери менен куттуктап, акчалай жана баалуу белектерди тапшырганын билдирди.
Эске салсак, Ош шаарында быйылкы жылы "Алтын сертификатка" 2 окуучу ээ болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:08
2025-07-08

21:43
2025-07-08
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.