Орусиянын Транспорт министрлигинин дагы бир кызматкери каза болду
Орусиянын Транспорт министрлигине караштуу Ченемдик-укуктук камсыздоо жана жер мамилелери департаментинин жетекчисинин орун басары Андрей Корнейчук жумуш ордунда каза болду. Бул тууралуу орус басылмалары жазышууда.
Алдын ала маалыматтарга караганда, анын жүрөгү капыстан кармап, жерге кулап каза болгон. "Тез жардам" кызматынын дарыгерлери чиновникке жардам берүүгө үлгүргөн эмес.
Айта кетсек, буга чейин Орусиянын бүгүн, 7-июлда кызматтан кеткен транспорт министри өзүн өзү атып алгандыгы айтылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:44
2025-07-08

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.