super.kg logo

Балыкчы мэриясында мамлекеттик кызматкерлердин жүрүм-туруму боюнча кеңешме өттү

 
Балыкчы шаарынын мэри жана мэриянын кызматкерлери үчүн мамлекеттик кызматтын ишин жакшыртуу, кызматтык этика жана коммуникация маселелери боюнча кеңешме өткөрүлдү. Бул тууралуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агентиктен билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чара 7-июлда агенттиктин директору Кудайберген Базарбаевдин тапшырмасына ылайык ишке ашты.
"Кеңешменин жүрүшүндө кызматкерлер менен ачык диалог жүрүп, мамлекеттик кызматтын жүрүм-турум кодекси, кесиптик морал, стресске туруштук берүү жана кызматкерлердин ортосундагы өз ара мамиле боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү",- деп билдирди агенттик.
Белгилей өтсөк, буга чейин соцтармакта Балыкчы шаарынын жаңы дайындалган мэри Султан Керималиевдин жергиликтүү басылмалардын бирине берген маеги талкуу болгон. Анда көпчүлүк анын мамлекеттик кызматкердин этикасын бузганын белгилешкен. Буга удаа президент Садыр Жапаров мэр Керималиев тууралуу пикирин билдирген.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: