4 жаштагы бала тиш доктурга баргандан кийин комага түшкөн

Орусиянын Одинцово шаарында жаш бала тиш доктурга баргандан кийин комага түшкөн. Учурда ал реанимацияда жатат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматтарга караганда, аны эс-учун жоготкон абалда ооруканага алып келишкен. Учурда төрт жашар баланын абалы оор. Жеке клиникалардын биринде балага тиш доктурдун кабыл алуусунда наркоз берилген.
Жалпы практикалык дарыгер Роман Фишкин окуянын мүмкүн болгон себептерин атады. Алардын арасында анестезиологиялык препараттарга курч аллергиялык реакциялар, дарылардын таасири астында начарлашы мүмкүн болгон кардиологиялык патологиялар. Ошондой эле дем алуусунун начарлыгынан болушу ыктымал.
"Балдарга наркоз берердин алдында абдан тыкыр көзөмөлгө алуу зарыл",- деген ал.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:08
2025-07-08

21:43
2025-07-08
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.