super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаровду Тажикстанда кандай тосуп алышты? (фото)

 

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-июлда мамлекеттик сапар менен Тажикстанга барды. Мамлекет башчысын Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон тосуп алды.

Президенттин администрациясы билдиргендей, Душанбе шаарынын эл аралык аэропортунда эки өлкөнүн мамлекеттик туулары илинип, килем төшөлүп, ардак кароол тизилди. Өз ара саламдашуудан кийин өлкө лидерлерин улуттук кийим кийген улан-кыздар тосуп алышты. Андан соң мамлекет башчыларына 500дөн ашуун артист катышкан чакан концерттик программа көрсөтүлдү.

Сапардын алкагында Эмомали Рахмон менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр, ошондой эле Тажикстандын парламентинин эки палатасынын спикерлери жана өлкөнүн премьер-министри менен жолугушуулар пландалууда.

Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекет башчыларынын биргелешкен билдирүүсүн кабыл алуу, ошондой эле бир катар эки жактуу документтерге кол коюу күтүлүүдө.

Мындан тышкары сапардын алкагында кыргыз-тажик экономикалык жана инвестициялык форуму, ошондой эле эки өлкөнүн өнөр адамдарынын катышуусундагы “Түбөлүк достук” концерти өтөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: