super.kg logo

Бишкекте Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондор эскерилди

 
Кечээ, 7-июлда “Евразиянын жүрөгүнө саякат” эл аралык экспедициясынын алкагында Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорду эскерүү үчүн Бишкектеги Өчпөс отко салтанаттуу гүл коюу аземи өттү.
Салтанатка Бишкек шаарынын мэринин орун басары Виктория Мозгачева, экспедицияны уюштуруу комитетинин өкүлдөрү, митингдин катышуучуларынын делегациялары, анын ичинде КМШ өлкөлөрүнөн эксперттер, окумуштуулар, журналисттер жана коомдук ишмерлер катышты.
Коноктор Кыргызстан элине баатырлардын элесин сактап калганы жана Евразия мейкиндигинде гуманитардык байланыштарды чыңдоодо ушундай демилгелердин маанилүүлүгүн билдиришти.
Эске салсак, Москвадан башталган “Евразиянын жүрөгүнө саякат” эл аралык экспедициясы Орусия, Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстандын 30дан ашык шаарларын камтыган маршрут боюнча өтүүдө. Кыргыз этабынын алкагында катышуучулар буга чейин маданий иш-чаралар жана Аялдар диалогу форуму өткөн Каракол шаарында болушту. Бишкекте негизги бизнес жана гуманитардык иш-чаралар өтүп жатат.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: